Ысык-Көл облусунда 10 күндүк өзүнчө обочолонуу өтөт. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты. Өзүн өзү изоляциялоонун негизги максаты коронавирустун жайылышын алдын алуу жана аймакта кырдаалды турукташтыруу экендиги аныкталды.

Бул мезгилдин ичинде жашоочулар облустун, райондун жана айылдын чегинен тышкары жерлерге барбайт. Башка региондордон, райондордон жана шаарлардан келген жергиликтүү тургундар катталат жана үйдөн карантинде болуу сунушталат.


Ысык-Көл облусундагы туристтик зона азырынча жабыла элек. Бул туурасында өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кабарчысы билдирди. Буга чейин жергиликтүү тургундар аймакка кирүүгө убактылуу тыюу салуу маселесин көтөрүшкөн. Бирок, сунуш колдоо тапкан эмес.