Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

ӨКМдан билдиргендей, кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.