Республикалык ыкчам штаб коронавируска же башка курч респиратордук инфекциялык ооруга шектелген бейтаптарды амбулатордук шартта дарылоо алгоритмин жарыялады.
Үй-бүлөлүк дарыгер (мобилдик топ, телефон же WhatsApp аркылуу видео чалуу) клиникалык баа берүүдө чыйрыгуунун (калтыратма), респиратордук жана башка симптомдордун болушуна таянат.
Дарыгердин кароосу:
— пульсоксиметрия – сатурацияны аныктоо (SaO2) > 93%;
— дем алуунун ылдамдыгы < 1 мүнөттө 30 жолу;
— артериалык басым > 90/60 мм. рт. ст.;
— жүрөктүн бат-баттан согушу < 1 мүнөттө 100 жолу.
Дарыгер тарабынан үйдөн дарылануу курсу жазылып берилет:
— суюктукту көп ичүү;
— дене табын түшүрүүчү дарылар («Парацетамол» же «Ибупрофен»);
— антикоагулянттык терапия (колдонууга каршы көрсөтмө жок учурда);
— антиагреганттик терапия: «Аспирин» кечки тамактан кийин бир күндө бир жолу 75 мг дозасында.
Күнүгө дистанттык түрдө кеңеш алып туруу керек.
Факторлор (үйдө дарыланууда):
— 60 жашка чейинкилер;
— кошумча оорулары жоктор:
- кант диабети;
- жүрөк-кан тамыр оорулары;
- ашыкча салмак;
- онкологиялык оорулар;
- өнөкөт өпкө оорулары;
- бронхалык астма;
- бөйрөктүн өнөкөт оорусу;
- боордун циррозу;
- гепатит;
- органдарга трансплантация болуп, иммуносуперссивдик терапия алып жаткандар.
Интоксикациянын белгилери (алсыздык, чарчоо, көңүл айлануу) байкалган учурда физраствор 0,9%-200 мл + витамин С 5%-5 мл– бир жолу тамчылатып же 200-400 мл «Рингер» эритмесин колдонуу керек.
5-7 күн аралыгында дене табынын көтөрүлүшү сакталса төмөнкү антибиотиктер берилет:
— «Амоксициллин» 500 мг 7-10 күн ичинде ар бир 8 саат сайын;
— же «Азитромицин» биринчи күнү 500 мг, андан кийин 250 мг 5-7 күндүн ичинде бир жолудан;
— же «Цефуроксим» 500 мг 7-10 күндүн ичинде 12 саатта бир жолу.
Стационарга жаткырууга көрсөтмөлөр:
— SaO2 < 93%, ЧСС > 100, ЧД > 30;
— кошумча оорулар жок учурда SaO2 < 95%;
— антибактериалдык терапиянын фонунда 7 күн бою чыйрыгуу (калтыратма) сакталса, интоксикациянын симптому бар учурда.