9-июлга карата өткөн сутка ичинде 4 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Алар:

-Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 1 (эркек, 77 жашта);
-Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (аял, 62 жашта, эркек, 55 жашта);
-Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 68 жашта).

Ал эми бир сутка ичинде пневмониядан 42 бейтап каза болду. Алардын ичинен 21 адам республика боюнча жана Бишкекте 21 адам. Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 310 адам.