Бир сутка ичинде өлкө боюнча 83 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 20
• Чүй облусунда – 5
• Ош ш. – 22
• Ош облусунда – 12
• Нарын облусунда – 3
• Ысык-Көл облусунда – 8
• Жалал-Абад облусунда – 8
• Баткен облусунда – 5
Ал эми бир суткада 10 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1370 учур катталды, алардын ичинен 532 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.