Коронавирус илдетине кабылгандарда тамака болгон табит жоголот. Ошого карабастан суюктукту ичүүгө, тамак аш, жер-жемиш, жашылчадан салаттарды көбүрөк жегенге аракет кылыңыздар. Мындай пикирин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

«Жүрөк оорусу барлар бир күндө 2 литрден кем эмес суу ичүүлөрү керек. Эгерде кимдин дене табы 37,5-38 градуска чейин көтөрүлсө, сөзсүз 118 колл-борборуна чалып кеңеш алып, үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылыңыздар. Дарыгерлердин жазып берген гана рецепттери менен дарыланууга чакырам. Эч качан үйдөн өз алдынча антибиотик каражаттарын, «Дексаметазон» даарысын колдонбоңуздар жана дүрбөлөңгө алдырбаңыздар”, — деп билдирди Акматова.