Бишкектеги №1 шаардык оорукананын башкы дарыгерине карата айтылган дооматтар боюнча Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия текшерүү жүргүзөт. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган ооруканада иштеген дарыгер Дөөлөтбек Ибраимов видео кайрылуу жасаган. Анда башкы дарыгер Жусуп Бошкоев өзүнүн тааныштарын, чиновниктерди жана алардын жакындарын жаткырууга медиктерди мажбурлап жатканын айткан. Ошол эле учурда “ооруканага келген бейтаптар кабыл алынбай калууда” деп билдирген. Мындан сырткары, жеке коргонуу каражаттарын туура бөлүштүрбөй, айрым буюмдарды бербей жатканына нааразы болгон.

 “Бул кайрылуу боюнча атайын көз карандысыз комиссия түзүлдү. Бүгүн Республикалык штабда премьер-министр текшерип, эртеңкиге чейин жыйынтыгын чыгарууга тапшырма берилди”, — деди Акматова.

Мындан сырткары, ал ооруканага келген бейтаптарды кабыл албай эшигин жаап алган медиктердин видеосу боюнча дагы жооп берип, эгер орундуктарды сатуу фактылары катталса, башкы дарыгер кызматтан алынарын эскертти.