Мамлекеттик жана саясий ишмер, Президенттин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына ден –соолугу, азыркы абалы тууралуу билдирүү жазып чыкты.

“Достор! Ден-соолугумду сурап, жакшы каалоо-тилек айткан бардыгыңарга терең ыраазычылык билдирем! Кудайга шүгүр, оорудан үй шартында изоляцияда болуп, врачтын телефондон күнүгө берген көрсөтмөсү менен дарыланып, айыктым. Кайра тапшырган тест таза чыкты. Бүгүнтөн баштап, жумушка чыктым.
Ар бир кыргызстандыкка ден соолук каалайм, илдетти жугузуп алгандар тез сакайып кетишсин! Илдет менен күрөшүп жаткан алтын колдуу дарыгерлерибиздин эмгегине терең таазим!”,
— деп Досалы Эсеналиев ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, президенттин апаратынын кызматкерлеринен Москвага Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына барганда жана кайра келгенде ПЦР тест алынып, алардан инфекция аныкталып обочолонууга алынган.