Мурунку президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагына кайрадан которулду. Бул тууралуу аталган мекеменин  басма сөз кызматынан кабарлашты.


Мурунку мамлекет башчынын сакайганы аныкталган.

«Анын абалы канааттандырарлык. Дарыгерлер консилиум өткөрүп, анын жыйынтыгында Алмазбек Атамбаевди УКМКнын тергөө изоляторуна өткөрүп берүү чечими кабыл алынды. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө ”, — деп билдиришти УКМКдан.

Эске салсак, 30-июнда Алмазбек Атамбаевден эки тараптуу пневмония  аныкталып, абактан оорууканага жаткырылган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет акыркы бир жумада Атамбаев адвокаттар жана туугандары менен бир нече жолу жолугушкандыгын, алар документтерди жана буюмдарды кол менен тапшыргандыгын белгилешти.