Бүгүн, 9-июлда эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча маалымат берди. Жыйында ага:

«Кыргызстанда учурда болуп жаткан кырдаалды коронавирустун экинчи толкуну деп айтса болобу?» деген суроо берилди.

«Коронавирус биздин өлкөдө 2020-жылдын 18-мартынан тарта тастыкталып баштаган. Андан кийин өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал жарыяланды. Эпидемия ар түрдүү мүнөздө жүрүп, мамлекет жана мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлдөнүп турду. Карантиндик иш-чараларды, өзгөчө абалды алып салгандан кийин Кыргызстандын бардык аймактарында, өзгөчө чоң шаарларда, калк жыш жайгашкан региондордо коронавирус, ошондой эле ооруканадан сырткаркы пневмонияга чалдыккандардын саны өсүп кетти. Бул жерде биз биринчи же экинчи толкун деп айта албайбыз. Анткени бул шарттуу терминология, эл аралык эксперттер тарабынан киргизилген терминология. Расмий биринчи же экинчи толкун деген жок, анткени эпидемиологиялык өзгөчөлүктөргө ээ. Ал эпидемиологиялык процесс ошол өлкөдө жүргүзүлүп жаткан уюштуруу, алдын алуу, карантиндик иш-чаралардын, изоляция, сезонго жараша көбөйүп жана азайып турганы менен өзгөчөлөнөт.

Эл аралык эксперттердин айтымында, дүйнө жүзүндөгү калктын 60 пайызы ооруп, жамааттык иммунитет калыптанмайынча бул оору эки жылга чейин созулат», — деди Акматова.