Нарын облусунун Ак-Талаа районунда маркумдун сөөгүн жерге берүүдө сөөгү сактык чараларын сактоо менен коюулуп жатат. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев билдирди.

Анын айтымында, учурдагы кырдаалга байланыштуу Ак-Талаа районунун аймагында саламаттык сактоо менен жана Муфтияттын буйруктарынын алкагында каза болгон маркумдардын сөөктөрү жерге берилүүдө. Кечээ эле каза болгон 55-жаштагы хирург Кубанычбек Карагуловтун жаназа намазы кабырга барып ошол жактан окулган.

«Кырдаалга байланыштуу каза болгон маркумдардын сөөктөрүн аз сандагы, маркумдардын жакын туугандарынын катышуусунда жерге берилип жатат. Маркумдардын сөөктөрүн жерге берүүдө бардык сактык чараларын сактоо менен берилүүдө. Бул боюнча жергиликтүү имамдар тарабынан дагы айылдарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Айыл тургундары баарын түшүнүү менен кабыл алышууда»,- деди баш имам хатиб.