Россиянын аралаш жекеме-жеке мушташ искусствосунун машыктыруучусу Хавьер Мендес, Абдулманап Нурмагомедов каза болгондон кийин Хабиб Нурмагомедов жана анын спорттук карьерасы жөнүндө айтып берди. Бул тууралуу  Lenta.ru сайты жарыялады.


«Бул кырдаал сентябрь айындагы мушташка кандай таасир этерин элестете да албайм, анткени бул байкуш жигиттин (Хабиб.ред.) эмнени ойлоп жатканын билбейм. Ал кандай чечим кабыл албасын, мен аны менен болом. Эгер ал мушташууну кааласа, анда мен да аны менен болом. Эгер ал карьерасын токтотууну чечсе, мен анын тарабында болом ”, — деди Мендес.

Ал Хабиб Нурмагомедов атасынын жолун улантууну каалаарын белгиледи.

«Хабиб өзүнүн тууганы, Исламды жана башка өсүп келе жаткан жаш жылдыздарды тарбиялоого жардам берди»,- деди Мендес.


Эске салсак, Абдулманап Нурмагомедов 3-июлда көз жумган. Өлүмдүн себеби коронавирус инфекциясынан улам келип чыккан оорулар болгон. Ал 57 жашта болчу.