Пандемия жүрүп жаткан ушундай оор шартта Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоону өткөрүү орунсуз. Мындай пикирин парламент депутаты Жанар Акаев өзүнүн социалдык тармактар аркылуу жасаган видео кайрылуусунда билдирди.

Анын айтымында, БШК октябрга белгиленген парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн, бюджет 526 млн сомду түзөөрүн, ал эми баннерлер үчүн 21 млн сомдук каражат жумшалаарын билдирди.

Азыр бир тыйын таппай карайлап турган шартта, дары-дармек, аппараттар жетишпей жатканда бул акчаларды шайлоого коротуу таптакыр орунсуз. Ошондуктан добуш берүүнүн мөөнөтүн жылдыруу керек. Шайлоого корото турган бул каражаттарды пандемия менен күрөшүүгө керектөө зарыл”, — деди Акаев.

Депутаттын пикиринде, шайлоону жылдыруу үчүн өлкө боюнча өзгөчө абал киргизүү зарыл.

Элдер ооруп жатканда саясий партиялар кантип съезд өткөрүп, кантип үгүт иштерин жүргүзөт?”, — дейт ал. Мындан улам ал