Жогорку Кеңештин төрагасынын бир айлык эмгек акысы 30 миң сом, вице-спикерлердики 27 миң сом, депутаттардыкы 25 миң 500 сом. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.

 Ал , “Ар бир депутат эмгек өргүүсү үчүн 200 миң сомдон алышты” деген маалыматты төгүндөдү.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери жалпы жонунан башка мамлекеттик бийлик бутактарында иштеген кызматкерлерден же министрлерден ашыкча эмгек акы албайт.

Нуракун уулу белгилегендей, төрага Дастанбек Жумабеков соңку үч айлык эмгек акысын коронавируска каршы күрөшүү фондуна которгон, жалпы эл өкүлдөрү бир айлык эмгек акысын чегерген, «Кыргызстан» фракциясы эки айлык эмгек акысын которгон. Айрым депутаттар, мүмкүнчүлүгү бар аппарат кызматкерлери үй-бүлөсүнүн атынан эл катары жардамдашууда.