Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов пневмонияга кабылып, ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-июлда журналисттерге билдирди.

“Кудайга шүгүр жеңил формасы экен. Учурда абалым жакшы. Азыркы тапта дарыланып жатам”, — дейт Өмүркулов.