«Папины дочки»   тасмасындагы каармандарынын бири Элизабета Арзамасова  муз тебүү боюнча хореограф Илья Авербухк экөөнүн ортосундагы ысык мамиле тууралуу күйөрмандарына айтып берди. Ал өзүнүн Инстаграмдагы айрым күйөрмандары жазган пикирлерге нааразы болуп:


«Ии, эмне мынча келесоосуң? Эмне болду? Асман үзүлүп жерге түштүбү », — деген Арзамасова.

Ал комментарийлерин окуп, анын жеке жашоосу жөнүндө кеңештерди  укканда, таң калгандыгын, ошондой эле анын жеке жашоосуна кийилгишкендерге нааразычылыгын билдирген.

7-июлда, 25 жаштагы Арзамасова 46 жаштагы Авербух менен жолуга  баштаганы белгилүү болду. Актриса бул маалыматты тастыктап, мамиленин чоо-жайын айтуудан баш тарткан.


Элизавета Арзамасова «Папины дочки» сериялындагы Галина Сергеевна катары белгилүү. Ошондой эле, «Любовницы», «Напарник» , «Корпоратив» ,ал эми  сериалдардан «Братья Карамазовы», «Достоевский», «Екатерина. Взлет»жана «Место под солнцем» деген тасмаларда образ жараткан.