Социалдык тармактарда маркумдардын сөөгүн кабырга ыргытып жаткан видео тарап жатат. Бул чындыкка дал келбейт жана чагымчылык. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Индия мамлекетинде тартылган видеону «В городе Бишкек. Скрытая камера»,-деп таратуу өз элине, жерине, мекенине болгон  кыянатчылык. Мындай жаган маалымат тараткандардын жазасын Алла Таала Өзү берсин.

Кыргызстанда ар бир сөөк шарият көрсөткөн тартип, урмат-сый  менен жерге берилүүдө. Маркумду акыркы сапарга узатууда жакын туугандары катышып, жаназа окулуп, кырдаалга жараша сактык чараларын сактоо менен коюлууда.

«Урматтуу мекендештер! Азыр социалдык тармактан чет өлкөдө тартылган тасмаларды деле Кыргызстан болгондугун чаптап, ар кандай такталбаган, башкача айтканда фейк маалымат тараткандар көбөйүп кетти. Кандай гана маалымат чыкпасын биринчи маалыматтын булагын, расмий тастыкталганын аныкталган соң ишенүүңүздөрдү сиздерден суранабаз. Эгер фейк маалымат көрүп, бүдөмүк ойлор жаралса аны башкаларга бөлүшпөй, тийишттүү органдардан тактаңыздар. Билбей туруп башкаларга таратуу менен аларга зыян жеткирип, нерви жука, ден соолугунан тынчсызданып жаткан бейтаптардын саламаттыгына олуттуу зыян алып келип алышыңызды эсиңизден чыгарбаңыз!»,-деп айтылат маалыматта.