Мындай чечим Ысык-Көл облустук ыкчам штабы тарабынан кабыл алынды. Ага ылайык, региондор аралык жүргүнчү ташыган коомдук транспорт жана такси 10-июлдан тартып токтойт. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Облустун аймагындагы коомдук каттамдар 10-июлдан 20 июлга чейин иштебейт. Такси кызматтары санитардык эпидемиологиялык нормаларды аткаруу менен иштеши текшерилет. Нормаларга ылайык, 70% чейин орундуктарды ээлөөсү каралган.

Мындан сырткары 10 күндүк обочолонуу акциясынын алкагында ар бир жаран жеке менчик турак жай аянтчасын дезинфекциялоо иштерине көңүл буруусу сунушталды.