Опозициялык көз караштагылар, бийликтин алсызданышын чын ниеттен каалагандар республикадагы акыркы кырдаалды, пандемияны куп гана пайдаланып жатышат. Президент Сооронбай Жээнбеков өз укуктарынын жана конституциянын негизинде шайлоо күнүн 4-октябрга белгиледи.

Кайталайбыз, конституциянын жана өз укуктарынын негизинде. Эми болсо оппозиция атайын карасанатайлык менен азыркы президентти мыйзамсыздыкка жана жеке бийликке үгүттөп, мамлекеттик бийлик бутактарын бир колго топтогонго, сот бийлигин, мыйзам чыгаруу бийлигин, аткаруу бийлигин монополдоштуруу идеясын президентке таңуулап, ал аз келгенсип шайлоо мөөнөтүн жылдырууну талап кылып жатат. Оппозиция муну менен бир ок коротуп эки коен аткылары келет.

Биринчиси, бийликти бир колго топтоп алууну сунуштап кийин соңу, «Бийликти базып алды, узрупацияга жол берди» деп айгайлоо жана жалпы жоопкерчиликти президент Сооронбай Жээнбековго жүктөө болсо экинчиси, шайлоону узартуу менен кырдаалдын курчушунан пайдаланып, бийликтин кадыры төмөндөшүн күтүү, ошону сындап кийин парламентке келүү азыркы оппозициянын негизги кыялы. Мына ушул себептер азыр оппозицияны булбулдай сайратып, элге күйгөн периште кылып көргөзүп жатат…