Аксы РИИБдин кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавируска каршы эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Милиция тарабынан базарлар, соода жайлары, эс ауучу жана тамактануучу жайлар көзөмөлгө алынды.

Сатуучуларга эл менен иштешүүдө санитардык нормаларды сактап, бет кап, кол кап тагынып иштөө зарылдыгы жеткирилди. Бул жугуштуу илдеттен ар бир жаран жоопкерчиликтүү мамиле жасоо менен медициналык каражаттарды талаптагыдай колдонуп, тиешелүү эрежелерли сактаганда гана арылууга мүмкүн экендиги жеткирилди.

Ошондой эле үй карантинде жаткан тургундарга медициналык талаптарды так аткаруу керектиги, өзүнө жакын деп эсептелген тууганы менен жолугууга болбой тургандыгы эскертилди.