Талас облусунун аймагына эки апталык чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев билдирди.

Анын айтымында, облустук ыкчам штабдын чечими менен эки апталык чектөөлөр киргизилди. Ага ылайык, Талас-Бишкек каттамы жүргүнчүлөр үчүн жабылды.

«Тагыраак айтканда, Талды-Булак постунан Таласта каттоосу барлар гана өтө алат. Азык-түлүк, медициналык каражаттарды жана башка транзиттик маанидеги жүктөрдү ташыган унаалар гана облустун аймагына кирип, чыга алат. Ал эми райондор аралык каттамдар токтотулган жок. Мындан тышкары мал базарлар жана футбол аянттары эки аптага жабылды. Балдар кечки салкында футбол ойношуп, тердеп барып жуунушат. Мындан улам пневмония илдетине кабылышы мүмкүн деп оюн аянтчаларын дагы жаптык», — деди өкмөттүн облустагы өкүлү.

Бүгүнкү күнгө карата облуста коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 83кө жетти.