Дары-дармектерди Кыргызстандын аймагынан чыгарып кетүү иш аркеттери токтотулду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа Чалдовар-автожол өткөрүү пунктунда Казакстандын жараны айдап бараткан жеринен кармалган. Текшерүү маалында, унаанын жүк бөлүгүнүн түбүндө, алма салынган карбкалардын астынан, вируска каршы дарылар табылган. Жалпысынан, 520 пакет эуфиллинди жана 460 пакет левомакты коштоочу документтерсиз өлкөдөн чыгарып кетүүгө аракет кылышкан.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылды.


«Жүк ташуучу унааны текшергенде алма салынган коробкалардын астынан вируска каршы колдонулчу «Эуфиллин» дарысынан 520 таңгак жана «Левомакс» препаратынан 460 таңгак табылган. Анын тиешелүү документтери жок болуп чыкты», — деп айтылат маалыматта.