????????????????????????????????????

Кыргыз эли, маданияты, кыргыз тили оор жоготууга учурады. 69 жаш курагында капилет келген оорунун айынан белгилүү котормочу, акын-пародист, журналист-публицист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы, КР Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссиясынын мүчөсү, СССР Журналисттер Союзунун анык мүчөсү, мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө зор салым кошкон коомдук ишмер Аалы Молдоканов дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Бул тууралуу мамлекеттик тил комиссиясынан билдиришти.

Аалы Молдоканов 1951-жылдын 20-сентябрында Кочкор районунун Жаңы-Жол айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүткөндөн кийин 1977-1979-ж.ж. “Кыргызстан” басмасында корректор, кенже редактор болуп иштеп баштаган. 1979-1989-ж.ж. “КыргызТАГ” мекемесинде  редактор,   котормочу болуп иштеген. 1989-1991-ж.ж. Бишкек  шаараткомунда мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган. 1991-2000-ж.ж. КР Жогорку Кеңешинде котормо секторунун башчысы, 2000-жылдан ушул убакка чейин КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жооптуу катчысы, бөлүм башчысы кызматтарын аркалап келген.

Аалы Молдоканов адамгерчилик ариети бийик жана таза, жупуну, чыныгы интеллигент, кыргыз касиеттерин өнө боюнда алып жүргөн адам болгон. Коомдук-саясий котормо жаатында көп жыл эмгектенип, мамлекеттик расмий документтерди кыргызчалоо иштеринин дээрлик баарына катышкан. Ал тарбиялаган котормочулар, чыгармачыл жарандар бүгүнкү күндө Кыргызстандагы мамлекеттик жана коомдук мекеме-уюмдарда, айрым шакирттери жетекчилик кызматтарда талыкпай эмгектенишүүдө.

Аалы Молдоканов чыгаан котормочу, публицист жана акын-пародист катары белгилүү болчу. Ал учурдун күрөө тамырын кармаган аналитик катары кыргыздын улуттук баалуулуктары, дүйнө таанымына тиешелүү маселелери боюнча өзүнүн ойлорун мезгилдүү басылмаларга тынбай  чагылдырып, өзүнө гана таандык стили бар чебер журналист катары коомчулуктун көңүлүн буруп келген.  

Аалы Молдоканов өз элинин мекенчил уулу, чынчыл, беттегенин бербеген көкжал, ошол эле учурда ар бир шакиртине атадай кам көргөн боорукер жана эмгекчил инсан эле. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат.

А.Исмаилова, К.Иманалиев, Р.Момбеков, А.Жаманкулов, К.Исаков, Н.Ишекеев, К.Базарбаев, Ж.Саралаева, Э.Алымкулов, Т.Абыкеев, С.Раев, Ж.Үсөн уулу, Р.Курбанов,  К.Мамбеталиев, А.Акматалиев, С.Мусаев, Т.Казаков, М.Шеримкулов, М.Байжиев,  К.Исаев, Р.Рыскулов, Т.Ишемкулов, А.Рыскулов, Н.Калыбеков, Б.Иманалиев, Б.Жумабаев, С.Садыкова, Ж.Өзүбекова, М.Аким уулу, М.Абдыжапар уулу, Т.Досалиев, Б.Шамшиев, Ж.Турдубаев, А.Ибраимов, А.Жапанов, О.Шакир, А.Телекманова, А.Ишеналиева, Т.Осмоналиев