Ошко Санкт-Петербургдан дагы 184 Кыргыз жарандары чартердик каттам менен кайтып келишти. Бул тууралуу,  Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Каттамга төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балалуулар, ошондой эле ыкчам түрдө мекенине кайтууга олуттуу себептери бар болгон жарандар, оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынан айрылып жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылган жарандар кирди.

Чартердик каттам президенттин жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларынын алкагында жүзөгө ашырылды.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз жарандарын өлкөгө кайтарууну уюштуруу иштери улантылат.