2020-жылдын 7-июлунда Кыргыз мамлекетинин Малайзиядагы элчиси Бекназаров Азимбек Анаркулович Президент Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин ишеним грамотасын Малайзиянын королу Султан Абдулла II ге тапшырды. Бул тууралуу А.Бекназаровдун уулу, Руслан Бекназаров фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Король менен жолугушуу убагында А.Бекназаров малай тилинде дагы пикир алмашышкан.

Король 1 жумалык иш сапары менен кыргыз мамлекетинде болгонун, кыргыздын улуттук боз үйү өтө жакканын белгилеген.

Элчи А.Бекназаров өз сөзүндө дагы бир жолу кыргыз жерине келип кетүүгө чакырып өткөн.

Король элчи А.Бекназаровдун жубайы жолугушуу учурунда кийген улуттук кийимге өтө кызыкканын дагы белгилеп өткөн»,-деп жазды Р.Бекназаров.