Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев элге кайрылуу жасап, бул ооруунун токтотуу жолун айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

«Калайык! Бул оору качан токтой билесиңерби? Качан сиз, ооба сиз тууганым, базарларда, транспортто, жабык жерлерде жана эл көп жерлерде беткабы жок кетип бара жаткан кишини токтотуп эмне үчүн беткап кийген жоксуз деп сураганда токтойт.

Эмне үчүн ал жоопкерчиликсиз адам бүткүл элди дүрбөлөңгө салып, баарыбызды оорутуш керек?!

Күнөө жалгыз эле бийликте эмес да, бизге да жардам бергиле да!

Чогуу болмоюн муну жеңе албайбыз! Ыргалжын болбой баарыбыз бири-бирибизди көзөмөлдөйлүчү! Ошондо тып эле токтойт. Кайра тынч убакка түшүп жаныбызды багабыз», — деп жазды Түлөбаев.