Бүгүн, 10-июлда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +26…+31

Талас облусунда +20…+25

Баткен облусунда +28…+33

Ош жана Жалал-Абад облустарында +28…+33

Ысык-Көл облусунда +21…+26

Нарын облусунда +20…+25

Бишкек шаарында күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы күндүз +31…+33 градус болот.