Ак-Суу
райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 29 киши пневмониядан дарыланууда.
Бул тууралуу райондук ыкчам штабдын башчысы, аким Акылбек Түкебаев билдирди.
Райондук оорукана 6-июлдан баштап пневмониядан жабыркагандарды кабыл алып
баштаган.
«Төрт күндүн ичинде райондун 29 тургуну пневмонияга
чалдыгып, ооруканага кайрылган. Алардын экөө медицина кызматкери. Ооруп жаткандардан
коронавируска анализдер алынды. Ооруканада «Ак-Кеме» постунда иштеп
келген 11 адам обсервацияда жатат», — деди Акылбек Түкебаев.
Булак: Турмуш