Улуу Британиядагы  Оксфорд университетинин окумуштуулары коронавирус ифекциясынан каза болуу коркунучун жогорулаткан негизги факторлорду атады. Бул тууралуу Nature журналында жарыяланган макалада айтылды.

Окумуштуулар аныктагандай, коронавирустан  1,59  эссе эркектер, кары-картаңдар жана жалгыз жашаган адамдар каза болгон. Мындан тышкары, африкалык жана азиялык тектүү адамдарда да каза болуу коркунучу жогору.  80 жаштан ашкан адамдарга коронавирус  инфекциясынан өлүү коркунучу 50-59 жаштагы адамдарга караганда 20 эсе жогору.

Ошондой эле, бул тизмеге, өтө толук адамдар, диабет, астма жана дем алуу органдарынын башка оорулары, жүрөк, боор, неврологиялык жана аутоиммундук оорулар кирет. Ошентсе да, изилдөөчүлөр, аталган ооруулар  инфекциядан каза болууга  олуттуу себеп эмес деп белгилешет.