Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Финпол тарабынан жүргүзүлүп жаткан иликтөөнүн алкагында суракка чакыртылды. Бул тууралуу бүгүн, аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги айрым кызмат ээлеринин кээ бир фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын көздөп, коррупциялык иштерге баруу фактысы аныкталып, сотко чейинки кылмыш иши ачылган. Бул факты боюнча мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова дагы суракка чакырылды. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери улантылууда», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Финпол тарабынан жүргүзүлүп жаткан иликтөөгө мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев  чакырылган.

Эске салсак, Алтынай Өмүрбекова 1-апрелде ээлеген кызматынан бошотулган.