Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында  Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, министр Сабиржан Абдикаримовдун анализи таза чыккан.

«Министр учурда пневмония менен ооруп жатат. Абалы орточо оор деп бааланып, учурда дарыланууда», — деди Айнура Акматова.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министри жана анын орун басары пневмония илдетине чалдыкканы кабарланган.