Чүй облусунун Токмок шаарындагы «Лукман аль-Хаким» Ислам институтунун ректору  Гуахунов Лугмар Таирович көз жумду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Л.Гуахунов каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты.

«Лугмар ажы Гуахуновдун бул ааламдан өткөндүгүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына чын көңүлүмдөн көңүл айтамын. Бул оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Сабыр кылыңыздар! Кайгыңарды тең бөлүшөбүз«, — деп айтылат муфтийдин көңүл айтуусунда. 

Лугмар Гуахунов 1957-жылдын 20-июлунда Токмок шаарында төрөлгөн.

1975-1980-жылдары Бухара шаарындагы «Мир-Араб» медресесинин «Шариат жана Жалпы мыйзам» бөлүмүн аяктаган. 1981-1984-жылдары Ташкенттеги «Имам Аль-Бухарий» ислам институтунун теология жана араб тили факультетин аяктаган. Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинде иштеген. Токмок шаарындагы мечитте имам болгон, 1993-жылдан тарта Токмоктогу ислам институтунун ректору болуп дайындалган.

Ошондой эле Чүй облусунун казысынын орун басары, Токмок шаардык аксакалдар сотунун төрагасы, Кыргызстандын муфтийинин орун басары дагы болгон.