Якутияда каза болгон кыргызстандык жарандар жергиликтүү мусулмандардын көрүстөнүндө жерге берилген. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жайга кыргызстандык 5 адамдын (төртөө Кыргызстандын жараны, бири Россиянын жарандыгын алган кыргызстандык киши) сөөгү коюлган.

«Сөөктөрдү жерге берүүгө тиешелүү уруксат жана документтер бар болгон. Мусулмандар дин башкармалыгы дайыма көрүстөндүн аймагын карап жана аймакка таандык алуу боюнча документ тапшырганын билдирди», — деп айтылат элчиликтин маалыматында.