Бүгүнкү күнгө карата макулдашылган 627 миллион доллар финансы каражатынан 51 пайызы же 321 миллион доллар келип түштү, ал эми калган суммасы азырынча түшө элек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөт  үйүндөгү брифингде билдирди.

«Алардын ичинен 166 миллион доллар өлкөнүн бюджетине грант катары түшсө, 461 миллион доллар – жеңилдетилген насыялоо шартында келүүдө», — деп билдирди вице-премьер-министр.

Анын айтымында, чыгашалардын эки негизги багыты бар – бул бюджет чыгымдарын жабуу жана коронавируска каршы күрөшүү.

171 миллион доллар айлык акыларды төлөөгө жана ММКФны трансферлерине багытталган. Бул сумманын 80 пайызы корголгон беренелерди каржылоого жумшалды.

Дүйнөлүк банктын 2,2 миллион доллары медицина каражаттарын сатып алууга колдонулду. Бардык тендерлер дүйнөлүк банктын көзөмөлү алдында жана алардын макулдугу менен өткөрүлүүдө. 3 миллион доллардан сатып алууга жумшалган.

1,3 миллион доллар өзгөчө абал режими учурунда гуманитардык жардам көрсөтүүгө сарпталган.

«Өлкөгө келип жаткан каржылык жана гуманитардык жардам тууралуу кеңири маалыматты өкмөттүн сайтынан таба аласыз. Маалымат жума сайын жаңыланып турат», — деп белгиледи Асрандиев.