Ош шаарынан 45-50 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«7-июлда саат 13:30 чамасында Ош ШИИБине Кыргыз-Өзбек университетинин филиалынын маңдайындагы эс алуу багында 45-50 жаштагы адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Күбөлөр маркум спирт ичимдигин ичкенин айтышкан. Андан кийин өзүн жоготуп, жыгылып түшкөнүн билдиришкен. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.