«Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагында 5G технологиясы ишке киргизилген эмес. Байланыш операторлору 5G тармагынын жабдууларын орноткон эмес жана пайдаланган жок, Мамлекеттик байланыш агенттиги эч кандай уруксаттарды берген эмес.

Мессенджерлер жана социалдык тармактар аркылуу таралып жаткан 5G технологиясынын зыяндуулугу жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт», — деп билдирди КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов.

Анын айтымында эл арасында жалган маалымат тараткандар заманбап технологиялар адам өмүрүнө коркунуч жаратат деген жалган маалымат менен элди дүрбөтүп, калкты укукка каршы иш-аракеттерге үндөп жатышат.

«Радио толкундар вирустарды өткөрбөйт, тилекке каршы адамдар жалган маалыматка ишенип жатышат. Санариптик гигиенаны сактаңыздар жана маалымат булактарын текшерип туруңуздар», — деп кошумчалады ал.