Бишкекте орун алган кырсыктан бир киши жабыркады. Бул тууралуу  Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. 

Анын айтымында, бүгүн, 10-июлда саат 14:20 чамасында Бишкектин Чүй жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Тез жардам унаасы менен «Тойота» үлгүсүндөгү автоунаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Натыйжада Тез жардам унаасынан бир жүргүнчү жабыркап, ооруканага алып кетишкен.

Азыркы учурда жол кырсыгы катталган жерде Милициянын кайгуул кызматкерлери иш алып барууда», — деп айтылат маалыматта. 

Ал эми Бишкек мэриясынын кабарына караганда, дарыгерлер катуу ооруп жаткан бейтапты күндүзгү стационардан Улуттук фтизиология борборуна алып барышкан. Жолдон кайра кайтып келе жатышканда кырсыкка туш болушкан.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, Тез жардам унаасына жол беришкен эмес. Айдоочунун денеси көк-ала болуп жаракат алса, фельдшердин буту сынган», — деп билдирди муниципалитет.

Белгилей кетчү нерсе, пандемия башталгандан бери Тез жардам унаасына айрым айдоочулар жол беришпегендиктен, алардын катышуусундагы жол кырсыгы көп катталууда.

https://www.instagram.com/p/CCdJZAxH1ac/

Булак: NazarNews.kg