15-июлда өлкөгө 13 тез жардам унаасы жана 17 ИВЛ аппараты алып келинет. Бул тууралуу вице-премьер Аида Исмаилова онлайн маалымат жыйында  билдирди.

Анын айтымында, бул медициналык жабдуулар Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында алынат.

«Тендер өткөрүлүп, банк менен 6 миллион 126 миң 598 долларлык келишим түзүлгөн. Анын алкагында июль-август айларында дем алдыруучу аппараттар алып келинет. Мындан сырткары, 15-июлда 17 ИВЛ аппараты жана 13 тез жардам унаасы да келет», — деди Исмаилова.

Ал 840 миң долларга дары-дармек сатып алуу маселеси каралып жатканын айтып, ЮНИСЕФ аркылуу 835 миң 485 долларга жеке коргонуу каражаттарын алуу пландалганын кошумчалады.