Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан козголгон кылмыш ишине шектелип жаткан, мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Бишкектеги клиникалардын бирине жаткырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги  анын жыкындары берген маалыматка таянуу менен жазып чыкты.

Алардын айтымында, Космосбек Чолпонбаев инфарктка кабылган. Ооруканада дарыгерлер ага пневмония диагнозун коюшкан.


Эске салсак, бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурунку башчысы Финполго суракка чакырылган. Иликтөөдө ага  2020-жылдын март айында коррупция жана жеке фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын лоббирдөө фактылары аныкталгандыгы боюнча суроолорду берилген.

 Космосбек Чолпонбаев медициналык каражаттарды чет өлкөлөргө саткан деп шектелүүдө.