Бишкекке мобилдик кычкылтек концентраторлорунун үчүнчү партиясы жеткирилди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-июлда Бишкек шаарына Өкмөт тарабынан сатылып алынган 300 даана мобилдик кычкылтек концентраторлорунун үчүнчү партиясы жана 2000 пульсоксиметр жеткирилди.

 “Мобилдик кычкылтек концентраторлору коронавирус инфекциясын жуктуруп, дарты күчөп кеткен бейтаптардын өмүрүн сактап калууга мүмкүндүк берет. Мекендештерибиздин өмүрүн сактап калуу үчүн ар тараптан бардык күч-аракеттер жумшалууда”, — деген вице-премьер-министр Аида Исмаилова.

Кычкылтек концентраторлору республиканын медициналык мекемелерине бөлүштүрүлүп берилет.