Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Садридин ажы Маджитов дүйнө салды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти. Бул каргашалуу окуяга байланыштуу Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев көңүл айтуу катын жарыялады.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана өзүмдүн атымдан өлкөбүздө дин тармагында өз өмүрүн арнап, бир топ аалымдарга өзүнүн өрнөктүү билимин берип, Бишкек шаарынын мусулмандар казысы  болуп үзүрлүү эмгектенип келген Садридин ажы Маджитовдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

«Садридин ажы Маджитов Бишкек шаарынын мусулмандар казысы кызматын аркалап, өз ишине жоопкерчиликтүү, илимге бай, адамдык сапаты бийик мыкты инсан эле. Ал өз өмүрүндө бир катар шакирттерди даярдап, Ислам дининин асыл баалуулуктарын элибизге жеткирүүдө абдан чоң салым кошту»

Бул оор кабарды кайгыруу менен кабыл алдык. Садридин ажынын  Кыргызстан мусулмандары үчүн жасаган зор эмгеги эч кимдин эсинен кетпейт. Элибизге динибиздин асыл балуулуктарын жеткирүүдө салымы чоң инсан. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Себеби, бир мусулмандын үй-бүлөсүндөгү аза, бүткүл мусулмандарды да кайгыга салат эмеспи. Сабыр кылыңыздар, анткени, “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35) экен. “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Алла Таалам Садридин ажынын  үй-бүлөсүнө жана туугандарына күч-кубат берсин.  Жаратканыбыз маркум Садридин ажыны Өз ырайымына алып, Жаннаттын төрүнөн орун насип кылуусун Жараткан Алла Тааладан  тилеймин. Кайгыңарды тең бөлүшөбүз.

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

Кыргызстан мусулмандарынын  Азирети Муфтийи  Максатбек ажы Токтомушев