Нарын шаарында учурдагы кырдаалга байланыштуу курмандык чалынып, түлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын облустук казыятынан билдиришти.

Кечээ, 10-июлда Нарын облустук мусулмандар казыяты тарабынан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен курмандык чалынды.

Түлөө Нарын шаарындагы борбордук «Азирети Али» мечитинде өткөрүлүп, COVID-19 илдетинен каза болгон жарандардын арбагына багышталып куран окулду.

Иш-чарага Нарын облустук мусулмандар казыятынын жалпы жамааты, имамдар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Түлөөдө бир бодо мал союлуп, анын эти муктаж болгон үй-бүлөлөргө таратылып берилди.

Эске салсак, кечээ Бишкек шаарында да мал союлуп, муфтият түлөө өткөргөн.