Кыргызстанда күздө өтчү шайлоону уюштурууга сарпталуучу каражат болушунча кыскартылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат бөлүмүнөн кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, БШК өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык абалды эске алып бардык чыгымдарды эсептеп чыгат.

«КРдин 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» кабыл алынган мыйзам боюнча шайлоого 732 миллион сом каралган. Айрым өнөктөштөрдүн колдоосу менен ал бюджет 95 миллион сомго азайды. Себеби БУУнун өнүктүрүү программасы, Япония өкмөтү бизге жардам берди. Андан сырткары, пландалган бир катар ишчаралар коронавируска байланыштуу кыскартылып, адистерди окутуу, түшүндүрүү иштери алыстан электрондук форматта жүргүзүлүүдө. Бул чыгымдарды дагы азайтат«, — деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле аталган мекеме Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн 2 400дөн ашык участок уюштурулуп, анда 32 миңден ашык кызматкер иштей тургандыгын кошумчалады.

Буга чейин БШК шайлоого тиешелүү баннер, жабдуу, кеңсе товарларын аймактык шайлоо комиссияларына жана участокторго жеткирүүгө 21 миллион 121 миң 200 сомдук тендер жарыялаган.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңешке шайлоону 2020-жылдын 4-октябрына белгилөө тууралуу президенттин Жарлыгы 3-июлда  күчүнө кирди.