11-июлга карата өткөн сутка ичинде 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.

— Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 2 (эркектер, 65 жашта, 51 жашта);
-Лейлек аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 44 жашта).

Жалпы каза болгондордун саны 125 кишини түздү.

Бир сутка ичинде пневмониядан 32 бейтап каза болду. Алардын ичинен 24 адам республика боюнча жана Бишкекте 8 адам.
Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 382 адам.