Дүйнө калкынын саны 7млрд 8 миллион адамга жетти. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда «Бүткүл дүйнөнүн калкы күнүндө» Германиянын Жер калкынын фонду (Stiftung Weltbevölkerung — DSW) билдирди.

Калкы эң көп  жайгашкан өлкөлөр, Кытай — 1,44 миллиард адам жана Индияда — 1,38 миллиард, үчүнчү орунда АКШ — 0,331 миллиард

Фонддун отчетунда жыл сайын биздин планетанын калкынын саны 82 миллион адамга көбөйүп жатканы белгиленди, бул Германия калкынын санына туура келет. Дүйнө жүзүндө ар бир секундада орто эсеп менен 2,6 наристе төрөлөт.

DSWнин маалыматы боюнча, Африкада Сахаранын түштүгүндө, төрөлүү көп катталат. Акыркы жылдары бул чөлкөмдө төрөттүн төмөндөшүнө карабастан, бир аялга 4,4 бала туура келет (дүйнө жүзү боюнча орто эсеп менен 2,4 бала). Натыйжада, БУУнун болжолуна ылайык, бул аймактын тургундарынын саны 2050-жылга чейин 1,3 миллиарддан 2,5 миллиардга чейин көбөйөт.

Тескерисинче Украинада калктын саны азайып жатат. Мамлекеттик статистика кызматынын маалыматы боюнча, 2020-жылдын январь-апрель айларында калктын саны 96,2 миң адамга азайып, 1-майга карата 41,806 млн адамды түзгөн.

БУУнун маалыматы боюнча, дүйнөдөгү эң ири шаар Япониянын борбору Токио болуп саналат, анда 37 миллион адам жашайт. Индиянын борбору Нью-Делиде 29 миллиону, Кытайдын Шанхай шаарында 26 миллион калк жашайт.

Жердин калкы тездик менен көбөйүүдө. Мисалы:  2018-жылдын 1-январына караган түнү Жер планетасында 7,591,541,000 адам болгон, ал эми учурда жер калкынын саны  7млрд 8 млн кишини түзөт.

БУУ жана Вашингтон университетинин окумуштуулары 2100-жылга карата дүйнө жүзү боюнча 11 миллиард адам болот деп ырасташат.