Бүгүн, 13-июлда күндүз Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ысык-Көл облусунун тоолуу аймактарында өткүн өтүшү мүмкүн, деп маалымдайт Кыргызгидромет. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда +30…+35
Талас облусунда +28…+33
Баткен облусунда +29…+34
Ош жана Жалал-Абад облустарында+29…+34
Ысык-Көл облусунда +20…+25
Нарын облусунда +23…+25
Бишкек шаарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы +33…+35 градус болот.