Социалдык тармактарда чет өлкөгө дары-дармектердин, жеке коргонуучу каражаттардын  сатылып жаткандыгы тууралуу таркатылып жаткан маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы токтому аркылуу Кыргыз Республикасынан дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды чыгарууга убактылуу тыюу салынган.

Тиркемеге ылайык, алардын катарында ацетилсалицил кислотасы, парацетамол, ибупрофен, азитромицин амоксициллин—клавулан кислотасы, моксифлоксацин, имипенем, клиндамицин, рокситромицин, цефазолин, цефепим, цефотаксим,цефтриаксон,цефтриаксон+сульбактам,цефтриаксон+тазобактам,цефуроксим,левофлоксацин, дофамин, фуросемид, норэпинефрин, эпинефрин, натрий хлориди, фамотидин, же иньекция түрүндөгү  омепразол, Рингер эритмеси, шприцтер, медициналык маскалар, суюктуктарды куюу үчүн жабдуулар сыяктуу дары-дармектер жана медициналык каражаттар бар. Ошондой эле өлкөдөн механикалык деталдары жана алмаштыруучу фильтрлерсиз, респиратордук маскалардан, коргоочу медициналык көз айнектерден тышкары, хирургиялык операцияларды жүргүзүүдө медициналык персоналдар жана бейтаптар колдонуучу бир жолку халаттарды, коргоочу костюмдарды, же медициналык халаттарды,  медициналык максаттарда вирустук оорулардан коргоочу биологиялык коргоочу костюмдарды, дем алуу жабдууларын жана газ маскаларын чыгарууга тыюу салынган.

Мында үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүнү колдоого алуу үчүн бир жолу гуманитардык жүк жөнөтүлгөн. Жүк кытай тараптын суроосуна жараша түзүлгөн (антисептикалык жана дезинфекциялык каражаттар, жеке коргонуучу медициналык каражаттар).

Өлкөдө бүгүнкү күндө орун алып жаткан эпидемиологиялык абалда чет олкого дары-дармек сатуу тууралуу чындыкка жатпаган маалыматты  жайылтуу жоопкерчиликсиз деп эсептейбиз. Мындай маалыматты шайлоо алдындагы кампания менен алектенип жаткан белгилүү саясатчылар таркатып жаткандыгы өкүнүчтүү.