Урматтуу туугандар, достор, биз 3 күн мурун Германиядан аман эсен мекенибизге учуп келдик.Биз эми эки үч жума үйдө карантинде болобуз. Шаарга чыкканды мындай кой, балдарыбыз менен дагы аралыктан гана учурашып, бул коркунучтуу илдеттен сактануудабыз. Көчөдөн ары бери өткөн машиналардын ичинде маска кийип олтурган жана маскачан жөө жүргөндөрдү көрүп, мен да оюм менен бөлүшкүм келди.

Адамдын жашоосуна эң керектүү нерселер бул: СУУ жана таза АБА. Суу менен аба канды жана организмди тазалайт. Дем алып, кайра дем чыгарганда аба менен кошо чыккан, көзгө көрүнбөгөн миллиондогон бактерия менен вирустар абада кислороддон өлүшөт. Сыртта жүргөндө маска тагынбагыла. Жаныңарга дайыма бир бөтөлкө суу ала жүргүлө. Кере кере дем алып, өпкөнү иштеткиле. Ал эми маска өзүңдү сакташ үчүн эмес, тескерисинче сенден чыккан вирустар башкаларга жукпасын деп, магазин жана башка коомдук жайлардын ичинде, автобус, маршруткалардын ичинде кыска убакытка гана тагыныш керек.

Эми элестетип көргулө: Биздин өпкөдө толгон токой вирус менен бактериялар өмүр бою уялап жүрүшөт. Вирус менен бактериялар көп болуп кеткенде, катуу жөтөл менен, какырык менен өпкө ошолорду сыртка чыгарып таштоого аракет кылат. Анан машиналардын түтүнү менен араң дем алып жүрсө, ага кошуп кытайдын синтетика материалынан жасалган масканы бир күн кечке чечпей, өзүңдөн чыккан көмүр кычкыл газын жана вирустар менен кайра дем ала берсең, байкуш өпкө эмне болот. Алибетте, пневмония болот.

Маска тагынып жүрө берсең – өпкө өзүңдөн чыккан көмүр кычкыл газы менен кайра дем алып уулана берет да – акырында пневмонияга айланат. Ошондуктан азыр Бишкекте, өзгөчө шаарда эл менен иштеген милиция жана медицина кызматкерлери короновирустан эмес — пневмониядан каза болуп жатышат. Масканын пайдасы же зыяны көппү, азыр бардык жерде талаш маселе. Алибетте, буга каршы пикирлер да чыгат. Мен өзүмдүн жеке оюмду айттым. Биз Германияда төрт ай бою немис калкын туурап эртең менен жана кечинде, күн ысык эмес убакта токойго, же суу бойлоп жаратылышка чыгып, жөө басып, чуркап, велосипед тээп, таза аба менен көбүрөөк дем алууга аракет кылдык.

Ошондуктан менин оюмча, Германия бул оорууну жеңип, азыркы убакта кадимкидей күнүмдүк жашоо шарттарына кайрадан кайтып келишти жана бардык чектөөлөр алынып салынды. Короновирустан сактануунун жолу, бир ай чыдап үйдөн чыкпай олтуруу жана чыксаң да бири бириң менен аралыкты сактап, тезирээк жумушуңду бүтүрүп, үйүңө кайт жана үйгө келээриң менен душка жуунуп, башка кийимдерди кийгиниң. Эшиктеги кийимди күнгө жайып коюш керек. Алып келген азык түлүктөр дагы эшиктин сыртында бир саатка тура туруш керек. Ал эми пневмонияны алдын алуу үчүн, маска тагынбай, тескерисинече спорт менен машыгып, өпкөгө керек кычкылтек менен көбүрөөк дем алгыла. Ал эми организмдеги вирустардан арылуунун жолу: жылуу суусундуктарды көп ичип, кандагы вирустарды сийдик менен чыгарыш керек; өпкөдөгү вирустарды таза аба менен дем алып кайра көмүр кычкыл газы менен сыртка чыгарыш керек.

Кокустан ооруган бир адамдан вирус жугуп, тамак кычышып, жыт билбей калган убакта – организм өзу да жогоруда айтылган көп аракеттерди көрөт. Биздин көп жарандарыбыз коомдук жайларда жумушуна байланыштуу көпчүлүк менен контактта болуп, бир нече адамдан бир нече вирустарды жуктуруп алганда, организм вирустарды бирден кармап кубалай баштайт. Бирок, вирустар жабалактап ар кайсы жагынан жабылып, организмди алсырата баштайт. Организм байкуш акырында денени ысытып – ысык температура менен вирустарды өлтүрүүгө аракет кылат. Мына ушул убактарда температура түшүрүүчү дары дармек ичпей, көп жылуу суусундуктарды ичип, сийдик менен жана тер менен вирусту сыртка чыгарууда организмге жардам бериш керек.

Температура 3 — 4 күндөн ары да түшпөй, ооруу жеңилдебесе, анда организмдин алы жетпей калды дегендик. Андай учурда токтоосуздан медиктерге кайрылып, тиешелүү медициналык жардам алгыла. Баарыңарга ден соолук тилеймин. Сактангыла. Паникага алдырбагыла. Паника деген бул – ойлонбой, далбастап калуу. Терең ойлонуп, ден соолукка ушул минутадан баштап кам көрүп, гимнастика көнүгүүлөрүн жасап, же сырттагы жумуштарды жасап, спортко да көбүрөөк убакыт бөлө баштагыла. Дары дармек, химияларга көп ишенбегиле.

Терең урматым менен, силердин Талант.