Кечээ Москвадан 45 дарыгер Россиянын “Аэрофлот” авиакомпаниясынын  чартердик рейси менен келишкен. Медиктер  өз ыктыяры менен жардам берүү максатында келишкен. Бирок, аларды Манас эл аралык аэропортунан эч ким тосуп алган жок.

Бул тууралуу, Өкмөттүн аппаратынан түшүндүрмө  беришти.

«Медицина кызматкерлерин тосуп алууга байланыштуу бардык уюштуруу иштерин Саламаттыкты сактоо министрлиги жүргүзүп келген. Дарыгерлерди вице-премьер-министр Акрам Мадумаров тосуп алышы керек болчу деп массалык маалымат каражаттарына жарыяланган билдирүү чындыкка дал келбейт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, мекеме жетекчилиги объективдүү себептерге байланыштуу аларды аэропорттон тосуп алууга бара албай калган. Бирок андан кийин министрликтин жетекчилиги келген медицина кызматкерлери менен жолугушту», — деп жазылган билдирүүдө.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Шахмат федерациясынын вице-президенти Жаныбек Асанбеков ыктыярчыларды вице-премьер министр Акрам Мадумаров, Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев жана Алтынбек Сулайманов тосуп алышы керектигин айткан.

Эске салсак, волонтерлор Кыргызстандын ооруканаларынын кызыл зоналарында иштешет.