«Спутник Кыргызстан» маалымат агенттигинин жетекчисинин орун басары Михаил Рогожин пневмониядан каза тапты. Бул тууралуу анын жакындары билдиришкен. Алдын ала маалыматтар боюнча, Рогожинге пневмония диагнозу коюлган.
«Кечээ, 12-июлда Михаил Рогожин өзүн жаман сезип, үйүнө «Тез жардам» чакырткан экен. Ал ооруканага жеткирилгени менен өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок. Жубайы Ирага терең кайгыруу менен көңүл айтабыз», — деп жазылган билдирүүдө.
Анын артында эки уулу калды.